Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-13
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде 2320 (эки миң үч жуз жыйырма) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |