Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-15
Ноокат шаар аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга жана ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга жана ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 710-Ноокат шаар аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптарга 120,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.7 08-Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн 50,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |