Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-16
“Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе жаткан коммуналдык тарифтери, калькуляциялары жана өндүрүмдүүлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе жаткан комуналдык тарифтери жана калькуляциялары бүгүнкү күндө инфляциянын негизинде өзүн-өзү актабай калгандыгына байланыштуу “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги коомунун аткарып жаткан иштеринин сапаттуу аткарылышы үчүн жаңыча тарифтерди, калькуляцияларды жана өндүрүмдүүлүгүнү кабыл алуу жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун аткарган иштери боюнча 2016-жылдын 19-февралында Ноокат шаардык кеңешине жазган №6 жана № 8 каттарын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы мезгилде колдонулуп келе жаткан жаны калькуляциясы төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы |
1 | Катуу типтеги акыр-чикирге | 1 адамга ар ай сайын | 30 сом |
2 | Суюк типтеги акыр-чикирге | 1 адамга ар ай сайын | 30 сом |
3 | Жалпысы: | 1 адамга ар ай сайын | 60 сом |
2. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы мезгилде колдонулуп келе жаткан жаны калькуляциясы жана өндүрүмдүүлүгү төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин:
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы | 2016-жылга өндүрүмдүүлүгү |
1 | МТЗ-82.1 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2537 сом | 12 % |
2 | МТЗ-82.1-14 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2536 сом | 14 % |
3 | Автомашина ГАЗ-3309 менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2522 сом | 12 % |
4 | Автомашина ГАЗ-3309 АС менен суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2753 сом | 12 % |
5 | МТЗ-82.1.15 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди жуктөө жана сүрүү | 1 каттам үчүн | 531 сом | 15 % |
6 | Т-40 трактору менен көчөнү тазалоо жана жуу | 1 каттам үчүн | 797 сом | 12 % |
7 | Арыктарды тазалоо | 1 м.куб үчүн | 382 сом | - |
8 | Кошумча чыгашалар | Ар бир аткарылган иштин суммасынан | 17,25 % | - |
3. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомуна жаны комуналдык колдонулуучу тарифтерди, калькуляцияларды жана өндүрүмдүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнга салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
4.Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун колдонулуп келе жаткан жаны комуналдык тарифтери, калькуляциялары жана өндүрүмдүүлүгү 2016-жылдан баштап колдоонуга киргизилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |