Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-17
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын 706 беренесинин эсебинен акча каражаттары төмөндөгү:
-Ноокат шаарынын аймагынын Барын участкасындагы суу чыгуучу түтүктөрүн (скважина) оңдоп түзөө үчүн 69,8 миң сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасынын Жаштык, Мамитов Позилжон Ажы (Чек), М.Абдуллаев атындагы көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн- 281,3 миң сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасынын Т.Умиров №2 , №3 жана Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасынын Г. Гулям көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн-340,6 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |