Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № XXXII-3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2016-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаментинин мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын көлөмү 2016-жылга 1 496,0 миң сомго бекитилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик департаментинин 2016-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 1367,8 миң сомго бекитилсин.
3. Муниципиалдык менчик департаментинин жаныдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2016-жылдын жылга карата чыгашалар сметасы бекитилсин.
4. Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик департаментинин финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик департаментинин эсепчиси Н.Абдурахмановке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |