Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 17-3/2
Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Э. Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2015-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап, акы алуусу бекитилсин. 1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффицент), 1 торпок үчүн 1 жылга 45 сом ( 0,7 коэффицент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффицент).
2. Жайыт жерлерди башка максатта пайдалангандыгы үчүн бал челек кармагандарга жайыт үчүн төлөм 1 даана аары яшикке 50 сомдон жайыт акы бекитилсин.
3. Башка айыл өкмөттөрдүн, шаарлардын, райондордун атуулдары мал жандыктарын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдалангандыгы үчүн жогорудагы белгиленген коэффицент эки эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн. 1 аш кара мал жылкы, эшек үчүн 1 жылга 130 сом, 1 баш торпок үчүн 1 жылга 90 сом, 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 26 сом.
4. Башка айыл өкмөтүнүн жана шаарлардын тургундары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдаланган аарычылык менен алектенсе ар бир бал челек үчүн 100 сом өлчөмүндө жайыт акы белгиленсин.
5. Жайыт жерлерин 1 жылдан ашык акы төлөбөй пайдаланган атуулдар жана бал челекчилерге К.Р жайыттарды пайдалануу жөнүндөгү мыйзамына ылайык айып салуу колдонулсун.
6. Жайыт мыйзамын бузуп, жайыт билетин албай чыккан жайыт пайдалануучуларга жайыттарды пайдалануу жөнүндөгү мыйзамга ылайык айып салуу колдонулсун.
7. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар мал жандыктын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы айыл өкмөтүнүн вет адисинен алуу жагы милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чараба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |