Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 17-3/4
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч. Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы боюнча пенсионерлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотыхтан ашкан жерлерине салык төлөнсүн.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге коэффициент бекитилип берилсин .
-Ак-Суу айыл өкмөтүнүн борбору-1,0
-Мазар,Коргон-Дөбө,Ак-Сай, Төө-Басты айылдары -1,0
-Кен байлыктарды казуу багытындагы мекеме уюмдарга -1,0.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө. Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрагас | К. Төрөкулов |