Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-январы № 16-1
Айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Айылдык кенешинин депутаты этика комиссиясынын мучосу Торокулова Уулайымдын, айылдык кеңештин депутаты Токтобаев Насырбектин катары менен төрт жолу сессияга келбегендиги жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1, Кыргызстандын аймагынан сырткары жүрүп, айылдык кеңештин сессияларына себепсиз катары менен төрт жолудан ашыкча катышпагандыгына байланыштуу «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасына негиз № 2342 шайлоо участкасынан шайланган Токтобаев Насырбектин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомду бекитип берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссисынан суралсын.
Төрага | К. Төрөкулов |