Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
205-жылдын 22-январы № 16-2
Ак-Суу айылындагы борбордук мечитке Ак-Суу айылынын тургуну Чынасылов молдо Шадыбектин ысмын коюу жөнүндө
Ак-Суу айылындагы борбордук мечитке Ак-Суу айылынын тургуну Чынасылов молдо Шадыбектин ысмын коюу жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы К.Төрөкүловдун жалпы элдин кайрылуусун, өмүр баянын, чогулуштун токтому жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айылынын тургуну Чынысылов молдо Шадыбектин Ак-Суу айылындагы жаңы курулган «Тооба» мечитине Чынасылов молдо Шадыбектин ысмы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |