Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-январы № 16-3
Ак-Суу айыл аймагындагы ѳз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө айылдык кенештин депутаты Т. Эшалиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө көзөмөл жүргүзүү үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн:
1. Эшалиев Т-айылдык кеңештин депутаты
2. Панарбек уулу Эрлан- айылдык кеңештин депутаты
3. Барпиев Самарбек- айылдык кеңештин депутаты
4. Акишов Айбек- айылдык кеңештин депутаты
5. Алымкулов Анарбек-айыл өкмөтүнүн жер адиси
2. Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө түзүлгөн комиссиянын аткарган жумуштарынын жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга билдирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |