Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-январы № 16-3/3
ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берγγ жүнүндө
ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы учун жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтар 20.06.2012-жылдагы №89 салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-статьясынын 3-пунктуна негиз туура эмес которулгандыгы белгиленсин.
2. Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражаты ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын эсептик счетуна которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |