Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
205-жылдын 22-январы № 16-3/4
Ак-Суу айылындагы балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Ак-Суу айылындагы балдар бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түзүлгөн 3450834 сомду түзгөн сметалык долбоордун, өздүк салымын төлөө үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 450834 сом акча каражатын төлөп берүү мөөнөтү 2015-жылдын II кварталына белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |