Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-январы № 16-3/5
Ак-Суу айыл аймагында “Тооба” мечитин курууга байланыштуу айылдык кеңештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүндө социалдык объектиге бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин Ак-Суу айыл аймагына “Тооба” мечитин куруп бергендигине байланыштуу айылдык кеңештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүндө социалдык объектиге бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин Ак-Суу айыл аймагына “Тооба” мечитин куруп бергендигине байланыштуу айылдык кеңештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |