Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-ноябры № 3
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Көгөй токой бөлүмүнүн Арпа төктү колотундагы бош жаткан тегиз жерден улуттук ат оюндарын өткөрүүгө жер ажыратып берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Көгөй токой бөлүмүнүн Арпа төктү колотундагы бош жаткан тегиз жерден улуттук ат оюндарын өткөрүүгө жер ажыратып берүү жагы токой чарбанын директору Анарбай уулу Элмирбекке милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Бакировко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жамгырчиев |