Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-ноябры № 5
Кызыл-Үнкүр айылдык ооруканасынын тез жардам машинасы айылдык оорукананын жанында күзөттө туруу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл айылдык ооруканасынын тез жардам машинасы айылдык оорукананын жанында күзөттө турсун. Зарыл болгон учурда оорулууларды даарыгерлер жөнөткөн жагына алып баруу жагы үй бүлөлүк даарыгарлер тобунун жетекчиси Ж .Байгазиевге милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Бакировко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жамгырчиев |