Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 1
Кара-Булак айылынын тургуну маркум Эшалиева Тургандын ысымын Кара-Булак айылындагы балдар музыкалык мектебине ыйгаруу жөнүндө
Баткен райондук маданият бөлүмүнүн сунушун угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсунө кошкон зор салымын,Кара-Булак элине кылган кызматын Баткен районунун маданий массалык иштерине активдуу катышкандыгын эске алып мыкты мугалим ,Музбулак коомдук фондунун жетекчиси лидер айым, Кара-Булак музыкалык мектебинин директору маркум Эшалиева Тургандын ысымы өзγ иштеген балдар музыкалык мектебине ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д. Маликовго тапшырылсын.
Төрайым | А. Абдрахманова |