Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын12-февралы № 3
Кара-Булак айылдык кеӊешинин жергиликтуу өз алдынча башкаруусунун 2015жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-2017-2018-2019-жылдар γчγн бюджетинин долбоору жөнүндө
Кара-Булак айылдык кеӊешинин жергиликтγγ өз алдынча башкаруусунун 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга Кара-Булак айылдык кеӊешинин бюджети жөнүндө Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы З. Эргешованын докладын угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин V чакырылышынын 28- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айылдык кеӊешинин өз алдынча башкаруусунун 2015-жылга кирешелер боюнча 12797,9 мин сом, чыгашалары боюнча 12797,9 мин сом суммасында өз максатында аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Булак айылдык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2016- жылга кирешелер боюнча 12716,5 мин сом чыгашалар боюнча 12716,5 мин сом суммасында бекитилсин.(тиркемелерге ылайык аткаруу жагы милдеттендирилсин)
3 .2016-жылга республикадан бөлунуучу толуктоочу грант 6174,4 мин сом,подоход салыгы 3243,0 мин сом, бир жолу төлөнγγчγ салыктан 2,0 мин сом, ишкерлердин ишинин тγрγ боюнча патентик тγшγγлѳрдөн 366,0 мин сом, кыймылсыз мγлк салыгы 36,0 мин сом, автоунаа салыгы 822,0 мин сом, жер салыгы юридикалык жак 172,0 мин сом, жер салыгы физикалык жак 500,0 мин сом, айыл чарбасына жараксыз жер салыгынан 46,0 мин сом,сатуудан жана акы алып кызмат көрсөтγγдөн 287,0 мин сом,аренда кайра бөлуштуруу фондусунан 308,0 мин сом, таштанды салыгы 50,0 мин сом, имараттардан тγшγγчγ арендадан 376,0 мин сом, атайын каражатынан 334,1 мин сом бардыгы болуп 12716,5 мин сом бекитилсин.
4. 2016-жылга айылдык кеӊешинин чыгашалары башкаруу аппаратына 9208,1 мин сом айылдык маданий кызматкерлерине 453,2 мин сом, билим берγγ тармагына 1924,1 мин сом, балдар бакчаларына 797,0 мин сом, атайын каражатынан 334,1 мин сом болуп бардык бюджет 12716,5 мин сомго бекитилсин.
5. Кара-Булак айылдык кеӊешинин жергиликтγγ өз алдынча башкаруусунун 2017-жыл γчγн кирешелери 12457,6 мин сом чыгашалары 12457,6 мин сом 2018-жыл γчγн
кирешелери 13122,6 мин сом чыгашалары 13122,6 мин сом, ошондой эле 2019-жыл γчγн кирешелери 13122,6 мин сом чыгашалары 13122,6 мин сом суммасында бекитилсин.
6. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган ар бир жанга 5сом өлчөмундө ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын кызматчыларына 100 сом өлчөмундө таштанды салыгы бекитилсин.
7. Атуулдарга кимдигин тастыктаган берилγγчγ справкалар акысыз берилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы бөлүмүнүн башчысы З. Эргешовага тапшырылсын.
Төрайым | А. Абдырахманова |