Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 5 токтому
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жана КЗ коэфициентинин баасын бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды жана КЗ коэфициентинин баасын бекитүү жөнүндө карап чыгып Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтунун аймагында таштандыларды ташуу салыгы кожолуктагы ар бир адам башына 5 сомдон,ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарбалык субьектерге таштанды салыгы 100 сом өлчөмундө бекитилсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгын эсептөө үчүн КЗ зоналдык 1,2 коэфициент менен бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Джороевге милдеттендирилсин.
төрайым | А. Абдрахманова |