Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 37 токтому
Кара-Булак айыл өкмөтγнγн 2015-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнγндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеӊешинин V чакырылышынын 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык экономикалык өнугүүсүнγн жыйынтыгынын аткарылышы көңγлгө алынсын.
2. Мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз иш алып баруу жагы айыл өкмөтγнγн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Д. Маликовго тапшырылсын.
Төрайымы | А. Абдрахманова |