Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 38 токтому
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн калкына медициналык санитардык жардам кѳрсөтγγдө ФАП, ГСВ жγргγзγп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФАП,ГСВ нын башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеӊешинин V чакырылышынын 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында калкка медициналык жактан жардам кѳрсөтγγдө ФАП , ГСВ лардын аткарган иштери көңγлгө алынсын.
2. Калкка саламаттык сактоо тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү жагы медицина кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Д. Маликовго тапшырылсын.
Төрайым | А. Абдрахманова |