Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декбры № 39
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон γй-бγлөлөргө берилген жардамдар жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Икрамидин уулу Абдрасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 26 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөту тарабынан аз камсыз болгон γй-бγлөлөргө берилген жардамдар кѳңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз γй-бγлөлөргө, жалгыз бой улгайган адамдар , Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, тылда эмгектенгендер көзөмөлгө алынып айыл өкмөтүнүн эсебинен жардамдарды такай берγγ жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д. Маликовго тапшырылсын
Төрайым | А. Абдрахманова |