Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 10-майы №18
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2012-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2012-2014 жылдарга божомолу жөнүндө
Кең-Арал айылдык округдук Кеңеши айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин долбоорун угуп,талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 9653,8 миң сом суммасында баланс бекитилсин.
ü Категориалдык грант -7212,6 мин сом;
ü Теңдөөчү грант -1515,0 миң сом;
ü Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан
ü кармалуучу киреше салыгы -55,0 миң сом
ü Патенттик негизде алынуучу киреше салык - 50,0 миң сом;
ü Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык -7,9 миң сом
ü Транспорт ээлеринен алынуучу салык -105,0 миң сом
ü Короо-жай жер салыгы -51,5 миң сом
ü Айыл-чарба жер салыгы -331,8 миң сом;
ü Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы -10,0 миң сом:
ü Сатуудан алынуу салык -40,0 миң сом
ü Айып акылар, сакциялар,конфискациялар -4,0 миң сом;
ü КБФ жерлердин аренда акысы -240,0 миң сом;
ü Юст.орг.тарабынан кармалуучу мам-к алым -16,0 миң сом
ü Атайын каражат -15,0 миң сом
1.Башкаруу аппарытына -1686,0миң сом
2.Билим берүү бөлүмүнө -7518,7 миң сом
3.Социалдык коргоо бөлүмүнө -108,0 миң сом
4.ЖКХ бөлүмүнө -161,0 миң сом
5.Маданият бөлүмүнө -165,1 миң сом
6.Резервдик фонд -126,5 мин сом
7.Атайын каражат -15,0 миң сом
2. 2012-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы,соц.фонд ж.б.)
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга жана разделден разделге,статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык округдук Кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. 2012-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Бакай-Ата районук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № Б-30 буйругуна ылайык, 2012-жылга белгиленген бюджеттин нэсебинен 30,0 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2012-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1%ынын эсебинен 96,5 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
6. 2012-жылдын бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу,максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө (Г.Абдылдаевага) тапшырылсын, жыйноодо, өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффиценти К1=1,0 болуп белгиленсин.
9. 2012-жылдын бюджети боюнча айыл өкмөтүнө түшүүчү жергиликтүү киреше булактарынын жетишсиздигине байланыштуу билим берүү бөлүмүнө электр энергия чыгымы үчүн 2011-жылдын 1-январь 2012-жылга карызыбыз 316,7миң сом, ал эми 2012-жыл үчүн 361,4миң сом жалпысы 678,1 миң сом суммасында акча каражатын Республикалык бюджеттин эсебинен жаап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинен суралсын.
Ал эми мектептердин ремонтуна жана 1-4 класстардын окуучулары үчүн тамак- ашына каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
10. Жергиликтүү боджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
11. Эсептөөлөр боюнча 2012-жылы билим берүү бөлүмүнө 7768,8 миң сом суммасында категориалдык грант керек болсо, каржы Министрлиги тарабынан 7212,6 миң сом сунушталган же 556,2 миң сом аз берилген. Андыктан жыл ичинде жетпеген сумманы кошуп берүү жагы Министрликтен суралсын.
12. 2013-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү :
Анын ичинен категориалдык грант 7212,6 миң сом, теңдөөчү грант 1540,6 мин сом.
2014-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү:
Категориалдык грант 7212,6 миң сом,теңдөөчү грант 1564,8 миң сом.
13.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Арал айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Орозбаев |