Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2105-жылдын 4-апрели № 4
Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасында ФАП куруу жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасында ФАП жок болгондугуна байланыштуу жарандардын жазган арыздарын жана Ак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-апрелиндеги №13-сессиясынын негизинде тургундарга жакындан медициналык жардам көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасында тургундарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандардын жазган арыздарынын жана Ак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-апрелиндеги №13-сессиясынын негизинде ФАП куруу үчүн айылдык кеңеште кабыл алынган 200000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Курулуш иштерин аткаруу боюнча келишим түзүлсүн.
3. ФАПтын курулушун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык 2000 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы Р.тАбдиллажановага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орунбаев |