Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели №XXIV-I
Гулистан айылдык округунун 2011-жылга социалдык-экономикалык онугуу пландарын аткарылышы. 2012-жылга социалдык-экономикалык пландарын бекитуу жана 2013-2014-жылдарга социалдык-экономиканын болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык округунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык онугуу программасында 20 долбоор колдоого алынып. 14 долбоордо иш жүргүзүлгөн. Бул долбоорлордун сметалык баасы 26 млн. сомдук болуп, аткарылган иштердин көлөмү 23 млн. 960 миң сомду түзгөн. Аткарылган иштерде инвестициянын көлөмү 5 млн. 755 миң сом, жамааттардын салымы 15 млн. 910 миң сом, мамлекеттик уюмдардын салымы 570 мин сом, жергиликтүү бюджеттен салым 1 млн. 725 миң сомду түзгөн. Айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышында жамааттардын салымын, элди мобилизациясы чоң экендигин белгилөө керек. Айылдык округунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык программасынын алкагында чоң социалдык объекттер, аймактын инженердик инфраструктуралары оңдолуп, ремонттолду. Билим берүү тармагында материалдык базалар жакшыртылды. 2011-жылдагы айылдык округунун социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнө аймактагы ишкерлердин салымы чоң. 2010-жылда ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 700 миң сомду түзсө, 2011-жылы бул сумма 1 млн. сомду тузду. Ишмердүүлүктүн алкагында 2011-жылда кошумча 30 жумушчу орун түзүлдү. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы 2011-жылдын социалдык-экономикалык программасын аткарылышын канаатандырарлуу деп белгиледи. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы 2012-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын көрүп чыгып, тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизди. 2013-2014-жылга болжолдуу социалдык-экономикалык пландарын көрүп чыгып, тийиштүү өзгөртүүлөрдүн, толуктоолордун негизинде депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышын канаатандырарлуу деп белгиленсин.
2. Гулистан айылдык округунун 2012-жылга социалдык-экономикалык онугуу, 2013-2014-жылдарга социалдык-экономикалык болжолдуу пландары бекитилсин.
3. Айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууда, ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды тузууго көңүл бурулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |