Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели № XXIV-II
Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2010-2011 -жылдарда аткарылышы, 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү. Айылдык округунун 2013-2014-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык округунун Кеңеши айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2010-2011-жылга аткарылышын көрүп чыкты. 2010-жылда айылдык округунун бюджета 17 млн. 923,1 миң сом болсо, аткарылганы 17 млн. 925,5 миң сомду түзгөн. Анын ичинде жергиликтүү бюджет 2593,7 миң сомду түзгөн. 2011-жылда айылдык округунун бюджети 26 млн. 403,9 миң сомду түзсө, жергиликтүү бюджет 2848,2 мин сомду түзгөн. Жергиликтүү бюджеттин өсүү темпи 2009-жылда - 2 млн. сом, 2010-жылда -2,5 млн. сом, 2011-жылда 3 млн. 196 миң сомду түздү. 2012-жылдагы айылдык округунун бюджетинин планы 30 млн. 641,2 миң сом пландаштырылган, анын ичинен жергиликтүү бюджет Змлн. сомду түзгөн. Болжолдонгон план боюнча, 2013-жылда айылдык округунун бюджети 30 млн. 706,6 миң сом, 2014-жылда 30 млн. 876,4 миң сомду түзөт.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык округунун 2010-2011-жылдардагы бюджетинин аткарылышын көрүп чыгып. Жергиликтүү бюджеттин көлөмүн артып бара жатканын белгилешти. Анын ичинде ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 2010-ж. жергиликтүү бюджеттин 20% тузсө, 2011-ж. 30% түзгөнүн белгилешти. Айылдык округунун бюджетинин чыгаша бөлүгү айылдык Кеңештин бекитип берген социалдык маанидеги иштерди аткарылышы үчүн сарпталгандыгын, 2010-2011-жылдардагы бюджеттин аткарылышын канааттандырарлуу деп белгилешти. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы 2012-жылдын көрүп чыгып, тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, 2012-ж. жергиликтүү бюджеттин басымдуу бөлүгү социалдык маселелерди чечүү масатында түзүлгөндүгүн белгиледи. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары 2013-2014-жылдардын бюджети боюнча болжолдуу пландарын көрүп чыгып, толуктоолорду киргизип, жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарын муниципалдык менчиктеги объекттерден пайдаланууну жолго салып, киреше киргизүүнү сунушташты. Айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде, тийштүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде, депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2010-2011 -жылдарга аткарылышын кемчиликтерди белгилөө менен канаатандырарлуу деп белгиленсин.
2. 2012-жылга Гулистан айылдык округунун бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 30641,2 миң сом эсебинде бекитилсин.
3. Гулистан айылдык округунун 2013-2014-жылдарга болжолдуу планы: 3013-ж.-30760,6 миң сом, 2014-ж.-30876,4 миң сом болуп бекитилсин.
4. Гулистан айылдык округунун Кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2012-жылда түшкөн кирешелердин жана трасферттердин негизинде, биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, көмүр-отун, эл.энергия, соц. жеңилдиктерге) каржылануусу белгиленсин.
5. Айылдык округунун бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2012-жылга билим берүү тармагына жумшалсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |