Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 13/4
Yч-Коргон айыл ѳкмѳтγнγн аймагында 2012-жылдын 25-июнундагы жааган жаандын кесепетинен болуп ѳткѳн селден Эшон каналаына сел келип зыян келтирилгендиги жѳнγндѳ
Yч-Коргон айыл ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 25-июнундагы Валакыш айылында жааган жандын кесепетинен Эшон каналаына сел кирип Валакыш айлынын тургундарынын жер γлγштѳрγн жана тамаркаларынын эгиндерине зыян келтирилген. Кадамжай райондук ОКМ кызматынын ѳкγлдѳрγ тарабынан иликтенип, АКТ тузулуп, керектγγ иш-чарлар бекитилген. Жогорулардын негизинде Yч-Коргон айыл кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Yч-Коргон айыл ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 25-июнундагы Валакыш айылында жааган жаандын кесепетинен Эшон каналын сел келип зыян келтирилгени жѳнγндѳ тγзγлгѳн актылар жана сунуштар колдоого жана жетекчиликке алынсын.
2. Тγзγлгѳн атклардын негизинде Валакыш айылында жайгашкан дыйкан чарбалар, жеке чарбалардын 21,73 га жер налогу жана 19,58 га тамарка салыгынан 2014-2015-жылдарга бошотулсун. (Тизме тиркелет)
3. Yч-Коргон айыл ѳкмѳтγнγн салык боюнча маселелеринин башкы адиси Ш. Абдувалиевага нормативдик актыларынын негизинде керектуу иш кагаздарын даярдап жер налогун, тамарка налокторунан эсептеп чыгып 2014-2015-жылдардан бошотуп коюуу жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмолдѳѳ айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
Төрага | И. Сарымсаков |