Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 235/30-6
Талас шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 20-январындагы кезексиз XXX сессиясында кабыл алынган № 233\29-9 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 177-беренесинин 4-бөлүмү, талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 2016-жылдын 20-январындагы кезексиз XXIX сессиясында кабыл алынган № 233/29-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисине (Т.С Киргабаков) Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына административдик база сатып алууда КРнын Салык Кодексинин 177-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык 5,0 млн сом суммадан алынуучу 10 пайыз киреше салыгын бюджетке эсептеп төлөтүү жагында кетирген кемчиликтери үчүн тиешелүү чара көрүү жагы Талас шаарынын мэрине (А.К. Кушубеков) жүктөлсүн.
3. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан
4. суммасынын эсебинен 5.0 млн сомдун 10 пайыз киреше салыгы үчүн 500,0мин сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу төлөнүп берилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Р.М.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |