Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 3
Каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранты тарабынан каржылануучу долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранты тарабынан каржылануучу долбоорго, жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошуу маселесин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранты тарабынан каржылануучу Покровка айылындагы М.Кояшев көчөсүнүн 540 метрине асфальт төшөө иштерине, долбоордун жалпы суммасынын 20% өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп, долбоорлор боюнча иш алып баруу жагы, Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |