ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы
2015-жылдын 16-марты №4
Бала-Саруу айылындагы эски мечиттин имаратын, Покровка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Бала-Саруу айылындагы эски мечиттин имаратын, Покровка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-Саруу айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Бала-Саруу айылындагы эски мечиттин имараты тиешелүү жер аянты менен Покровка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн;
2. Бала-Саруу айылындагы эски мечиттин имаратын Покровка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча тиешелүү документтерин бүткөрүү менен алдын ала оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |