ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы
2015-жылдын 16-марты № 5
Бала-Саруу айылындагы ат майданына ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Бала-Саруу айылындагы ат майданына айыл тургуну Рысалиев Шаршенбектин атын коюу маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн чогулушунун жана Бала-Саруу айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Бала-Саруу айылындагы № 924-контурда жайгашкан 18000 м2 жер аянтындагы ат майданы “Рысалиев Шаршенбек-атындагы ат майданы” деп аталсын (протоколдор тиркелет);
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |