Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели № XXIV-III
Гулистан айылдык округунун аймагындагы 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттолгон социалдык обьектерге алынган каражаттардын кириштелиши жөнүндө
Гулистан айылдык округунда 2005-жылдан бери, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн социалдык обьекттердин жана алынган негизги каражаггардын кириштелишин айылдык Кеңештин туруктуу комисиясы көрүп чыкты. Айылдык округу тарабынан ар жыл курулган, ремонттолгон социалдык обьекттерди жылга айылдык округунун атайын токтомдору менен айылдык округунун эсебине алынгандыгы көрүп чыгып, Гулистан айылдык округунун Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун 2005 жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн социалдык обьекттерге алынган негизги каражаттар айылдык округу тарабынан кириштелгендиги жана обьекттер айылдык округунун токтомдорунун негизинде эсебине алынгандыгы белгиленсин.
2. Айылдык округуна:
ü Айылдык округунун аймагында 2005-жылдан бери курулган, ремонттолгон социалдык обьекттерди каржылануусу жана айылдык округунун эсебине алынгандыгы жөнүндөгү токтомдор Ноокат райондук мамлекетгик администрациясына жана депутаттардын райондук Кеңешине тапшыруу милдеттендирилсин.
3. Айылдык округуна:
ü 2005-жылдан бери курулган социалдык обьекттерди мамлекетгик реестрге киргизүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |