ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы
2015-жылдын 16-марты № 6
Штаттык бирдик бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде Покровка айыл өкмөтүнүн жана китепканачылардын 2015-жылга карата штаттык бирдигин бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктун (Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата штаттык бирдиги бекитилсин (тиркелет);
2. Покровка айылдык аймагына караштуу китепканалардагы китепканачылардын штаттык бирдиги бекитилсин (тиркелет);
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын.
Төрайым | Г.А. Садырова |