Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 7
Покровка айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Покровка айыл өкмөт башчысынын (Т.Базакечов) 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана ошондой эле Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата аткара турган иш планын бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовдун 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын;
2. Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата аткара турган иш планы бекитилсин
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |