Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 8
СПАга каражат бөлүштүрүү жөнүндө
“Жорго” СПАсынын директору О. Бекмурзаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, негизги арык-каналдарга тазалоо максатында “Жорго” СПАсына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 69400 (алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом бөлүнүп берилсин;
2. ЭКБнүн башчысы К.Жунусбаевге каражат бөлүштүрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |