Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 10
«Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө»
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Покровка айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2015-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К.Б.Жунусбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу ) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү 11537,5 сомго, жана чыгаша бөлүгү 13641,0 сомго бекитилсин.
2. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча 13803,5 сом жана чыгашалар боюнча 13803,5 сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен теңдөөчү гранттан 338,3 сом жана жергиликтүү бюджеттен 11424,2мин сом. Атайын каражат менен кошкондо (род.оплата) 2041,0 мин сом.
3. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Б.Жунусбаев) милдеттендирилсин, ал эми раздельден рездельге кошумча жылдыруу жагы Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, соц.фонд жана тамак-аш).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |