Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 11
Жол белгилерин орнотуу жөнүндө
Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы М.Мискенбай уулунун кайрылуусун Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап, жол коопсуздугунун алдын алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсү менен Ажыбек Датка көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Каныкей” кафесинин алдына, Ажыбек Датка көчөсү менен М.Кояшев көчөсүнүн кесилишинен “Индира” дүкөнүн көздөй 26 метр аралыкта жана Ажыбек Датка көчөсү менен М.Кояшев көчөсүнүн кесилишинин күн чыгышты көздөй кеткен авто жолдун оң жак бетине “Токтоого тыюу салынат” деген белгилердин коюлушуна уруксат берилсин.
2. Ажыбек Датка көчөсү менен М.Кояшев көчөсүнүн кесилишинин түндүк тарабына “Токтоп туруу жер” белгисин орнотууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |