Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 13
Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылдык аймагы боюнча тазалыкты сактоо, турак –жай турмуш-тиричилик чарба жумуштарын тейлөө багытында Покровка айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана түзүү маселесин Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагы боюнча тазалыкты сактоо, турак-жай турмуш-тиричилик чарба жумуштарын тейлөө багытында Покровка айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана түзүлсүн:
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, муниципалдык ишкананын уставын иштеп чыгып, юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымыны орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |