Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели №14
Кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын 1-абсолюттук чемпиону Т. Мазиевдин турнирине каражат бөлүштүрүү
Покровка айылынын тургуну “Кыргыз күрөшүн колдоо фонду” Коомдук фондусунун директору Т.Мазиевдин кайрылуу катынын негинде 2015-жылдын 23-24-майында Бишкек шаарындагы “Беш-Сары” спорт ордосунда өткөрүлүүчү Улуттук кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи абсолюттук чемпиону Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун “Байгесине” Эл аралык мелдешин өткөрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну “Кыргыз күрөшүн колдоо фонду” Коомдук фондусунун директору Т. Мазиевдин кайрылуу катынын негинде 2015-жылдын 23-24-майында Бишкек шаарындагы “Беш-Сары” спорт ордосунда өткөрүлүүчү Улуттук кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи абсолюттук чемпиону Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун “Байгесине” Эл аралык мелдешин өткөрүүгө, жергиликтүү бюджеттен 15000 (он беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүлсүн;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |