Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели №15
Манас райондук сотунун каты боюнча
Манас райондук сотунун 30.03.2015-жылындагы №19-01/15гТЗ катынын негизинде, райондук сотунун имаратынын айланасын курчоо, жашылдандыруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана башка курулуш иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук сотунун имаратынын айланасын курчоо, жашылдандыруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана башка курулуш иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн;
2. КЭБнүн башчысы К.Жунусбаевге каражат бөлүштүрүү жагы тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |