Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели № XXIV-IV
Гулистан айылдык округунун аймагында 2005-2006-жылдарда суу каналдарын реабилитациялоо долбоору алкагында аткарылган иштерге жумшалган акча каражаттарын 25 пайызын кайтаруу жөнүндө
Гулистан айылдык округунун аймагындагы суу каналдарын капиталдык ремонттоодо, Чилисай дарыясынан эгин таалаларын сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу, суу ресурстарынан эффективдүү пайдалануу максатында, айылдык округунун суу чарбасы тарабынан бул маселеге тийиштүү уюмдар тарабынан аймактагы суу каналдарын реабилитациялоо долбоору түзүлдү. Бул долбоордун сметалык баасы 10 млн. сомду түзгөн. Долбоордун иши 2004-жылда башталып, 2006-жылда бүткөрүлгөн. Бул долбоордун алкагында, Чилисай дарыясына 2 дамба, 1 км аралыкта суу каналдар курулду. Айылдык округунун сугат суу менен камсыздалышы жакшыртырылды. Бул иштердин негизинде азыркы күндө, элдердин сугат суу менен камсыздалынышы жакшыртырылып, айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгү артып, түрмүш деңгээлин жакшыртууга шарт түзүлдү. Бул маселени айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы көрүп чыгып, айылдарда бул маселе боюнча откон жыйындарга негизделип, депутаттардын Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округуна:
-Сугат суу каналдарын реабилитациялоо долбоорунда аткарылган иштердин, жумшалган акча каражаттын 25 пайызын кайтарууну туруктуу көзөмөлгө алсын.
2. Айылдык округунун суудан пайдалануучулар ассоциациясын (СПА) 2012-жылга кредиттик кайтарууну эсепке алып түзүлгөн бюджета бекитилсин.
3. Айылдык округуна, СПАнын жетекчисине :
-Ар кварталда кредиттан кайтарылышы боюнча маалыматты айылдык Кеңешке билдирүү берип турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |