ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2015-жылдын 3-апрели №17
Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын бекитүү жана Покровка айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн малчылардан, акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2015-жыл үчүн иш-планынын бекитүү жана Покровка айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн, малчылардан алынуучу акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү максатында, Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-бер. талаптарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш-планы бекитилсин;
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышын колго алуу жагын Жайыт комитетинин башчысына (М.Жолдошов) милдеттендирилсин
3. Покровка айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн, малчылардан алынуучу акы төлөмдөрүнүн тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин;
- Покровка айылдык аймагына караштуу малчылардан; кой-эчки (козу-улак) үчүн -15 сом, кара мал (ири мүйүздүү мал, жылкы) үчүн - 75 сом;
- Алыскы Суусамыр жайлоосуна чыккан малчылардан кой-эчки (козу-улак) үчүн -23,25 сом, кара мал (ири мүйүздүү мал, жылкы) үчүн - 118 сом өлчөмүндө акы алынсын.
4. Жеке менчик мал ээлеринин ар бири менен келишим түзүү жагы Жайыт пайдалануучулар комитетинин башчысы М.Жолдошовго тапшырылсын.
5. Жеке менчик мал ээлерине: келишим түзүлгөн күндөн баштап он күндүн ичинде мал салыгынын толук суммасын төлөө жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына (А.Кермалиев) милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |