Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 18
Жеке менчик үлүш жерлерге малдардын кирип жаткандыгына байланыштуу айып акы салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик үлүш жерлерге жана кожолуктарга малдардын кирип, дыйкандарга көп зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу айып акылардын салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү боюнча элдик жыйындардагы айыл тургундарынын суроо талаптарынын негизинде Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик мал ээлерине: Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик үлүш жерлерге, кожолуктарга, мүрзөлөргө, жана парк- скверлерге малдардын кирип, көп зыян келтирип, талкалап жаткандыгына байланыштуу, 20-марттан баштап 20-октябрга чейин малдарын киргизүүгө тыюу салынсын;
2. Жеке менчик үлүш жерлерге, кожолуктарга, мүрзөлөргө жана парк- скверлерге малдардын кирүүсү катталса, айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:
- Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 1000 сом;
- Кой-эчкиге (козу-улак )үчүн - 250 сом.
3. Жеке менчик мал ээлерине: Жазгы талаа жумуштарынын башталгандыгына байланыштуу 2015-жылдын июнь айына чейин малдарды милдеттүү түрдө алыскы жайыттарга (тоого) чыгаруу жагы эскертилсин жана ошондой эле күздүк-жаздык дан эгиндеринин аянттарына жыл бою малдарды киргизүү тыю салынсын.
3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Покровка айыл өкмөт башчысына (Т. Базакечов) тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин агрардык комиссиясынын төрагасына (З.Алтымышбаев) милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |