Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2015-жылдын 3-апрели № 19
Мектептерге каражат бөлүштүрүү жөнүндө
Покровка айылдык аймагына караштуу Жайылган орто мектебинин жана Покровка толук эмес орто мектебинин мугалимдеринин кайрылууларын карап жана талкуулап Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылган орто мектебинин жана Покровка толук эмес орто мектебинин мугалимдеринин кайрылууларынын негизинде, мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүштүрүлсүн:
- Покровка толук эмес орто мектебине – 16000 (он алты миң) сом;
- Жайылган орто мектебине - 59000 (элүү тогуз миң) сом;
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына (А.Кермалиев) милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |