Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 20
Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(Покровка айылдык кеңешинин 2013-жылындын 30-апрелиндеги № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
Покровка айылдык кеңешинин 2013-жылындын 30-апрелиндеги № 31 токтомунун 1-2-пуктарына өзгөртүү киргизип, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун (жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо) талаптарына ылайык, таштандылар үчүн төлөнүүчү салык өлчөмүн бекитүү максатында Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык кеңешинин 2013-жылындын 30-апрелиндеги № 31 токтомунун 1-2-пуктарына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-2016-жылдын апрель айынан баштап тазалыкты сактоо максатында таштандыларды чыгаруу үчүн, Покровка айылдык аймагында жайгашкан бардык (менчиктин түрүнө карабастан) мекеме-уюмдарга, ишкана-офис, дүкөн-ашкана, соода түйүндөрүнө жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларга ай сайын 200 (эки жүз) сом, Покровка айылдык аймагына караштуу калктуу конуштарда жашаган ар бир жан башына айына 5 (беш) сом, тойканалар үчүн айына 500 (беш жүз) сомдон жана тойканалар үчүн той өткөргөн күндөрү 200 сомдон жергиликтүү салык өлчөмү чегерилсин;
(Покровка айылдык кеңешинин 2013-жылындын 30-апрелиндеги № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Таштандыларды чыгарып, тазалап туруу үчүн түшкөн салык жыйымдарынын багыттуу пайдалануусуна көзөмөл кылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г. Садырова |