Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 21
Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүүчү жер тилими жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Р.Казыбаевдин, Покровка айылындагы Р.Айдаров менен Интернациональная көчөлөрүнүн кесилишиндеги 10,0 м.кв жер тилимин мечит куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Р.Казыбаевге тиешелүү Покровка айылындагы Р.Айдаров менен Интернациональная көчөлөрүнүн кесилишиндеги 10,0 м.кв жер тилими, жер ээсинин арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З.Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |