Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-августу № 25
СПАга каражат бөлүү жөнүндө
“Байсал Суу” СПАсынын башчысы А.Ташматовдун кайрылуусунун негизинде, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында негизги арык каналдарда тазалоо иштеринде кеткен каражатка колдоо көрсөтүү үчүн, жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүштүрүү маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго: “Байсал Суу” СПАсына жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражат бөлүштүрүү жагы тапшырылсын;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |