Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели № XXIV-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылды үй-бүлөө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу айылдык округунун иштеп чыккан иш чаралар планын бекитүү, Ноокат райондук Кеңешинин аймактагы каада-салттарды өткөрүүдө тартипке келтирүү боюнча жобосун колдоого алуу жөнүндө
Гулистан айылдык округу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылды үй-бүлөө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №17 Жарлыгын аткаруу максатында. Кийинки жылдарда өлкөбүздүн коомдук саясий турмушунда түп тамырынан бери көп өзгөрүүлөр болуп өттү.
Мамлекетте туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири үй-бүлө институту болуп саналат. Кыргызыстандыктар үчүн көп улуттуу өлкөбуздун ар бир атуулу сыймыктангандай көз карандысыз, күчтүү шайма-шай өнүккөн мамлекетти куруунун тарыхый мүмкүнчүлүгү жаралды. Кыргыз элинин кылымдар бою калыптанып келе жаткан каада салтына жана бийик руханий дөөлөттөрүнө негизденип. Ошондой эле өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп өсүшүнө жетишүү, жарандарга татыктуу жашоо шартын түзүү ар бир үй-бүлөнүн бакубат турмушун, ар бир көчөнүн, айылдын тынчтыгын жана ынтымагын камсыздоо максатында, депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылды үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу айылдык округунда иштеп чыкылган иш чаралар бекитилсин.
2. Ноокат райондук Кеңешинин Сессиясында кабыл алынган райондун аймагында улуттук каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобосу колдоого алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу айылдык Кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |