Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 27
Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын алты айында аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы
Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовдун Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын алты айында аткарган иштери жана КЭБнүн башчысы К. Жунусбаевдин жергиликтүү бюджеттин алты айга карата аткарылышы жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулап Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовдун Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы канаатандырарлык деп табылсын;
2. КЭБнүн башчысы К. Жунусбаевдин жергиликтүү бюджеттин алты айга карата аткарылышы жөнүндө маалыматы канаатандырарлык деп табылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |