Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 29
П.А. Амираевди Манас районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Покровка айылынын Б. Чойбеков көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде Амираев Пайзилла Амираевичти Манас районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо максатында Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П.А.Амираевдин Саламаттык сактоо тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Манас районунун “Ардактуу атуулу” наамына берүү маселеси Манас районунун эл депутаттарынын кошмо жыйналышына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын
Төрайым | Г.А. Садырова |