Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-сентябры №31
Конкурсттук комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, 2013-2017-жылдардын мезгилинде Покровка айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын карап чыгуу максатында конкурсттук комиссия курамын түзүү маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
БУЙРУК КЫЛАТ:
1. 2013-2017-жылдардын мезгилинде Покровка айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын карап чыгып, көйгөйлүү маселелерди талдап, аныктап, маанилүүсүн тандап алуу боюнча төмөндөгүдөй конкурсттук комиссия курамы түзүлсүн;
- Б.Сатишев – Покровка айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссия курамынын төрагасы;
МҮЧӨЛӨРҮ
- А. Шатманов- жооптуу катчы;
- К. Жунусбаев-КЭБнүн башчысы;
- Ж. Орозалиев-Покровка айылынын айыл башчысы.
МАКУЛДАШУУСУ МЕНЕН:
- С. Шамбеталиева- Аялдар кеңешинин төрайымы;
- З. Алтымышбаев-Покровка айылдык кеңешинин депутаты;
- Таалайбек уулу А- Покровка айылдык кеңешинин депутаты;
- Т. Маматаев- Покровка айылдык кеңешинин депутаты.
- А. Рыскулова- көчө комитети.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |